Чүйдө салык инспекторлору пара талап кылганга шектелүүдө
RU

Чүйдө салык инспекторлору пара талап кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Москва райондук башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. УКМКдан кабарлашкандай, инспекторлор маалым каттарды берүү үчүн опузалап акча талап кылганга шектелүүдө.

Айтылгандай, салык кызматкерлери тиешелүү маалым каттарды берүүдө опузалап жана ири өлчөмдө акча каражаттарын алуунун коррупциялык механизмин уюштурган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын Москва райондук башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору У.П.А. жана башкармалыктын рейддик салык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору С.А.Б. мүлк салыгы боюнча карыздын жоктугу боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн А.Д.А. аттуу жарандан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

20-апрелде алар сумманын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш ишинин алкагында бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11764