Жумгалда опузалап талап кылганга шектелген тергөөчү кызматтан убактылуу четтетилди
RU

Жумгалда опузалап талап кылганга шектелген тергөөчү кызматтан убактылуу четтетилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында милициянын тергөөчүсүнө эки берене менен иш козголду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришет.

Кабарлангандай, Жумгал РИИБдин ага тергөөчүсү Т.Т.Т. "алдамчылык" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Жумгал районунун тургунуна карата негизсиз тергөө иш-чараларын мыйзамсыз жүргүзгөн. Ошондой эле физикалык күч колдонуу жолу менен психологиялык кысым көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2022-жылы "Кыргызтелеком" ишканасынан кабелди уурдоо фактысы боюнча таптакыр башка адам суракка чакыртылган. Иш кылмыш курамынын жоктугунан улам 2022-жылдын 31-майында токтотулгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Кызматтык жасалмалоо" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде иш козголгон.

Натыйжада Нарын шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү милициянын улук-лейтенанты Т.Т.Т. ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11766