Акылбек Жапаров Чүй облусунда эки заводдун курулушуна капсула салды
RU

Акылбек Жапаров Чүй облусунда эки заводдун курулушуна капсула салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында "Кант ТШИ" (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында "Асыл-Таш" керамика" заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришет.

"Кант ТШИ" заводунун кеңейишине катышкан Акылбек Жапаров, Кыргызстан сырьёлук базага - кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит ж.б. курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болоорун жана "Кант ТШИ" заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө Министрлер Кабинети кызыкдар экенин белгиледи.

"Ушул завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич жана башка курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Ал эми "Асыл-Таш" керамика" заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш оруну менен камсыз болот.

Жумушчулардын 70-80% жергиликтүү элден алынып, калганы инженерлер, технологдор, программисттер жана башка адистер болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 млн АКШ долларын түзсө, анын 25 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

Акылбек Жапаров, завод-фабрикалар менен ишканалар бардык техникалык, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен курулуп, иштетилиши керектигин баса белгиледи. Ал эми мамлекет тарабынан өлкө бюджети үчүн салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн ата мекендик ишканалар өзгөчө колдоого алынаарын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11770