Екатеринбургда кыргызстандык өспүрүм жоголду. Эртең менен мектепке барып, кайра келген жок
RU

Екатеринбургда кыргызстандык өспүрүм жоголду. Эртең менен мектепке барып, кайра келген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-апрелде Екатеринбургда өспүрүм бала жоголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-апрелде саат 07:00дө окуучу мектепке кетип, үйүнө кайтып келген эмес. 22-апрелде окуучунун ата-энеси дайынсыз жоголгон бала боюнча Россиянын ИИМинин Екатеринбург башкармалыгынын полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам түрдө полицияга барып, дайынсыз жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолугушкан.

Учурда милиция баланы издеп жатат. Ошондой эле Башкы консулдук окуя тууралуу Екатеринбургдагы мекендештер тарабынан түзүлгөн социалдык тармактарда 100дөн ашык топко кабарлады. Баланы издөөгө мекендештерден тышкары жергиликтүү "Броактроф" жана "Liza Alert" издөө топтору да кошулган.

Белгилүү болгондой дайынсыз жоголгон өспүрүм 15 жашта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11772