Индонезияда эки жолу катуу жер титиреди
RU

Индонезияда эки жолу катуу жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Европалык Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбордун (EMSC) маалыматы боюнча, 23-апрелде Индонезиянын жээгинде эки жер титирөө катталган.

6,1 баллдык биринчи силкинүү жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4тө Кепулауан-Бату аймагында болгон. Бир нече сааттан кийин күчү 5,8 баллга жеткен экинчи силкинүү болгон.

Жер титирөөнүн очогу 840 миң калкы бар Паданга шаарынан 202 чакырым батыш тарапта болгон.

Кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11779