Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн аял кармалды
RU

Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн аял кармалды

Все самое интересное в Telegram

Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, УКМКнын жана Ош ШИИБдин кызматкерлери 22-апрелде мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаеваны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

К.Абдуллаева Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары 2020-жылы издөөгө алынган. Ал 2014-жылы сырттан 16 жылга соттолгон дешет милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. discover24.ru сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11784