Равшан Жээнбеков депутаттыкка талапкер болууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты
RU

Равшан Жээнбеков депутаттыкка талапкер болууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

СИЗОдо отурган саясатчы Равшан Жээнбеков Садыр Жапаровго кайрылып, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүү укугу бузулуп жатканын айтты. Ал кайрылуу катында өлкөдө бардыгын бир эле адам чечип калды дейт.

"Кыргызстанда бардык маселени бир адам - сиз чече турган авторитардык режим түздүңүз. Сиз буйрук бербесеңиз курулуш маселеси дагы, сүт маселеси дагы, сот маселеси дагы чечилбей калды. Менин дагы Конституция менен мыйзам жол берген Ленин району боюнча депутаттыка талапкерлигимди коюу укугум бузулууда.

Каттоо бүтөрүнө 4 күн калды. Тилекке каршы, Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилеринин бюрократиясынын айынан ушул күнгө чейин мени конвой менен алып барып каттаттуу маселеси чечилбей, созулуп жатат.

Мен түрмөдө жатсам дагы Конституция менен мыйзам мага депутаттыка дагы, президентике дагы талапкерлигимди коюуга жол берет. 2021-жылы да Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкам. Ошол маалда дагы Жаза аткаруу кызматы мени конвой менен Боршайкомго каттоого алып барган", - дейт ал.

Күчтүү жана акылман лидер өз опоненттерине сый жана татыктуу мамиле жасайт деп кошумчалады Жээнбеков.

"ЖАКтын жетекчелери, менимче сиздин буйругуңузду күтүп жаткандай. Мыйзамга ылайык, менин укугумду аткарууга шарт түзүп берүү буйругун берүүңүздү суранам", - деп айтылат катта.

Равшан Жээнбеков бир нече берене менен СИЗО1-де отурат. Ал Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниеттенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11792