Бишкекте тосмолордун дагы бир бөлүгү бузулду (сүрөт)
1754
Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын "Койша и С" ЖЧКсына ("Казакстан" мейманканасы) карата доо арызынын негизинде соттун чечими менен муниципалдык аймак бошотулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
slide 2 of 4
Бөлүмдүн кызматкерлери "Тазалык" ишканасы менен биргеликте Жибек Жолу пр., 601 дареги боюнча тосмолорду бузуп жатат:
- шлакоблок тосмо (3х100 м);
- 2х100 м темир тор менен тосулган футбол аянтчасынын бөлүгү;
- 3x14 м өлчөмүндөгү чатыры бар жайкы ашкана;
- чатырлар (3х14 м);
- пескоблок тосмо (3x2 м).
"2021-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарынын чарбалык иштер боюнча аткаруучусу тарабынан "Коиша и С" ЖЧКсына уруксат берилбеген объектилерди бузуу менен муниципалдык аймакты пайдаланууга тоскоолдукту өз ыктыяры менен алып салуу сунушу менен билдирүү тапшырылган. Бирок алар баш ийген эмес", - деп айтылат маалыматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/11799