Нарында рейд учурунда төрт саатта жүздөн ашык жол эрежесин бузуу аныкталды
RU

Нарында рейд учурунда төрт саатта жүздөн ашык жол эрежесин бузуу аныкталды

Все самое интересное в Telegram

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы Нарын облусунун аймагында жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзүп, төрт сааттын ичинде 102 жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктады.

Башкармалыктын маалыматына ылайык:

  • мас абалында унаа башкаргандар - 4 айдоочу (баары чоң кызматтарда иштегендер);
  • тийиштүү документтери жок - 1 унаа;
  • мыйзамсыз кошумча жабдыктап алган (переоборудование) - 5 унаа;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган -1 унаа;
  • "Автоураган" аппараттык комлекси аркылуу ар кандай (издөөдө жүргөн, айып пулун төлөбөгөн жана башка) жол эрежесин бузган - 13 унаа аныкталган;
  • башка жол эреже бузуулар - 78;
  • ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 27 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короого киргизилген.

"ЖКККББнын атайын ротасы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Кыргызстандын башка аймактарында да рейддик иш-чараларын улантат. Айрыкча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт" , - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11809