Министрлер кабинети Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүнү карап жатат
RU

Министрлер кабинети Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүнү карап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Бишкек Жылуулук электр борборун газга өткөрүүнү карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Түтүн менен күрөшүү: экологиялык көйгөйдү чечүүнүн практикалык жолдору" аталышындагы тегерек столдо белгиледи.

Анын айтымында, борбор калаада экологиялык абалды жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдарды кабыл алуу керек.

"Азыр биз ЖЭБди газга өткөрүүнүн баасын эсептеп жатабыз. Советтер мезгилинде ал газ менен ийгиликтүү иштеп келген жана биз отканаларыбызды энергиянын альтернативдүү булактарына өткөрүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна ишенебиз", - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров Бишкектеги транспорт көйгөйүнө да токтолду.

Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн жыл аягына чейин Бишкекке газ же электр энергиясы менен жүргөн 380 автобус келерин айтты.

"Ошондой эле Кытайдан дагы 1000 автобустун келиши күтүлүүдө, алардын көбү газ, бир аз бөлүгү электр энергиясы менен жүрөт", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11819