Чек ара аймактарындагы эмгек мигранттары патенттин негизинде иштей алышат
RU

Чек ара аймактарындагы эмгек мигранттары патенттин негизинде иштей алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-мартындагы токтомунун негизинде, чек ара аймактарында эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттарына салык салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары өсүмдүктөрдү өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн жалдаган, чек ара аймактарында жекече эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттары ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат.

Мында, чек арадагы эмгек-мигранттары Кыргыз Республикасынын аймагында патенттин негизинде визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү ичинде Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке эмгек ишин жүргүзө алат.

Кыргыз Республикасына жеке эмгек ишин жүргүзүү максатында келген чек арадагы эмгек мигранттары үчүн визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт.

Мындан тышкары, ыктыярдуу патенттин негизиндеги иштин түрлөрүнүн тизмесине курьердик иш кызмат көрсөтүүсү киргизилди, - деп МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1181