Президент "Социалдык контракт" аркылуу жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү кыдырып чыкты
RU

Президент "Социалдык контракт" аркылуу жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү кыдырып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде "Социалдык контракт" программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилген жөлөк пулдардын даректүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөлөрдү кыдырып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылып жатканынан жеке өзү кабар алды.

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда каражат даректерине толук жетип жатканын сурап, каражат алган үй-бүлөлөр бул программанын алкагында иш жүзүндө кандай пайда көрүп жатканына кызыкты.

Жергиликтүү тургундар каражатка негизинен тигүүчү машиналарды жана мал сатып алып, ай сайын киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын айтып беришти.

"Социалдык контракт" долбоору президент Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда. Ага ылайык, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилет.

Мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер берилет.

Белгилей кетсек, 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. 2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилди. Быйыл өлкөнүн бардык аймактарынан аталган долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11827