Колонияга баңгизатын ташууга аракет кылган топ аныкталды
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизатын өткөрүүгө аракет кылган топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалыматка караганда, 23-апрелде Талас облусунун 1996-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизатын өткөрүүгө аракет кылганда кармалган.
Анда скотч менен оролгон эки баштык алынып, баңгизаттын салмагы 476 граммды, афган гашиши (чарс) экени такталган. Баңгизаттар түзөтүү мекемесиндеги соттолгондорго берилмек.
Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 989,37 граммды түзгөн. Бул факты боюнча 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш чаралар жүргүзүлүүдө.