Эми ар ким өзү каалаган бейтапканага барып, каттоого турса болот
RU

Эми ар ким өзү каалаган бейтапканага барып, каттоого турса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандыктар мындан ары өзү каалаган медициналык мекемеге (бейтапканага) барып каттоого турса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.

Мындай кадам калкты медициналык мекемелерге каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, жарандар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган.

"Калкты каттоонун жаңы тартиби каалаган мекемеге катталууга мүмкүндүк берет. Ар бир адам катталган жерин кварталына бир жолу алмаштырууга укуктуу. Катталуу үчүн жеке идентификациялык номерин камтыган (паспорт, айдоочулук күбөлүк) бир документтен башка кагаз талап кылынбайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Алдыда "Катталган калк" санариптик регистрин модернизациялоо ишке ашса каттоо онлайн режиминде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул үчүн электрондук кол тамга керек болот.

"Саламаттыкты сактоо уюмдарын бюрократиядан арылтуу өтө маанилүү, анткени ал бардык жарандар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга көмөкчү болот. Ошону менен бирге медициналык жардам алуудагы тоскоолдуктарды азайтат", - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, буга чейин ар ким өзү жашаган аймакта жайгашкан бейтапканага гана катталып, медициналык жардам алып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11841