Бокс боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат
RU

Бокс боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат

Все самое интересное в Telegram

Бокс боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдады.

Чемпионат 30-апрелден 14-майга чейин Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт.

Учурда улуттук команда ал жакта окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.

Кыргызстандык боксчулардын тизмеси:

  • Анвар Хожиев (48 килограмм салмак категориясы);
  • Нуржигит Дүйшебаев - 51 кг;
  • Санжар Сейдакматов - 54 кг;
  • Мунарбек Сейитбек уулу - 57 кг;
  • Жантөрө Ташиев - 63.5 кг;
  • Мирзахид Имамназаров - 69 кг;
  • Жакшылык Таалайбеков - 67 кг;
  • Нурадин Рустамбек уулу - 71 кг;
  • Данияр Дамирдин уулу - 75 кг;
  • Өмүрбек Бекжигит уулу - 80 кг;
  • Эркин Адылбек уулу - 86 кг;
  • Бакыт Токтосун уулу - 92 кг;
  • Оомат Элчоро уулу - +92 кг.

Курама команданын машыктыруучулары: Акыйкат Абаев, Данияр Төлөгөн уулу жана Улан Сагынбаев.

Турнирдин байге фонду 5,2 миллион долларды түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11844