Токмокто 10 жыл мурун эки киши өлтүрүлгөн. Сот өкүм чыгарды
RU

Токмокто 10 жыл мурун эки киши өлтүрүлгөн. Сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокто кошуналарын өлтүрүп, сөөгүн көмүп салганга шектүүлөр 10 жылдан кийин гана кармалып, сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Чүй облустук сотунан билдиришти.

Облустук соттун маалыматына караганда, кылмышка шектүүлөр 1985-жылкы Х.Ш., 1964-жылкы Х.Ж. Токмок шаардык сотунун өкүмү менен 2013-жылы жасалган адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган. Алар өмүр бою эркинен ажыратылды.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына эки арыздануучу 1989-жылы туулган Н.Кунбасов менен 1988-жылы туулган Т.И.Ишеновдун туугандарын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Алар 2013-жылдын 22-октябрында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

2022-жылдын 3-майында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүндөгү талаалардын биринен адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Керектүү экспертизалар дайындалган. Дайынсыз жоголгон Кунбасов менен Ишеновдун жакындары сөөктөрдү таанып, сакталып калган кийимдерин аныкташкан.

Кылмышка шектүү делип 1985-жылы туулган Х.Ш., 1964-жылы туулган Х.Ж.колго түшүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11846