"Дордойдун" соодагерлери салык кызматында сааттап кезекке турушат. Кызматтын жообу
RU

"Дордойдун" соодагерлери салык кызматында сааттап кезекке турушат. Кызматтын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media сайтына "Дордой" базарынын соодагерлери кайрылышты. Алар эки эле кызматкер иштеген Мамлекеттик салык кызматынын ишине нааразы.

Соодагерлер мындай кезектер бул жерде дээрлик дайыма болорун, патент алууну, отчёт тапшырууну жана башка процедуралардан өтүүнү каалагандар дайыма көп экенин белгилешет.

"Биз бир нече саат кезек күтөбүз. Бул бөлүмдүн кызматкерлеринин санын көбөйтүүгө болобу? Кантсе да "Дордойдо" жүздөгөн адамдар иштешет", - дешти арыз ээлери.

Мындай учурлар дээрлик бардык ири аймактарда байкалып жатканын Мамлекеттик салык кызматынан Kaktus.mediaга билдиришти.

"Эл салык декларациясын тапшырууну акыркы күндөргө калтырышат. Буга январь айынан бери убакыт болгон, тактап айтканда, 4 ай болду. Андыктан салык органдары ар кимден декларация кабыл алууга үлгүрүш үчүн түн жарымына чейин иштешет", - деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Кагаз түрүндөгү версияда декларацияны физикалык жактар гана бере алат. Ал эми жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер - Мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы жеке кабинет аркылуу электрондук түрдө тапшырса болот.

"Ал эми патент төлөмүнө келсек, 1-январдан баштап кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды. Патентти электрондук түрдө жеке кабинет аркылуу гана алууга болот. Бирок дагы деле көптөр салык кызматына келип алып кетишет. Ал эми салык кызматкерлери аларга компьютерлер аркылуу электрондук патент бериши керек. Патент алуу үчүн компьютер же ноутбук талап кылынбайт да. Аны смартфон аркылуу сатып алса болот", - деп баса белгиледи Мамлекеттик салык кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11847