"Өткөндө эле каматпадым беле". №102 маршруттук таксидеги "чөнтөкчү" кармалды
RU

"Өткөндө эле каматпадым беле". №102 маршруттук таксидеги "чөнтөкчү" кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка уурулукка шектелген жигитти №102 маршруттук таксинин айдоочусу урушуп жаткан видео тараган. Айдоочу унаанын салонундагы балага "сени өткөндө эле каматпадым беле" деп жатканын көрүүгө болот.

Окуя 25-апрелде эртең менен болгон. Бишкектин Октябрь РИИБинен билдиришкендей, саат 10:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө билдирүү түшкөн. Анда коомдук транспортто уурулукка шектүү жаран кармалганы кабарланган.

Жерине ыкчам топ барганда А.Н. аттуу жаран арыз жазып, капчыгын уурдаган адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Капчыкта 12 миң сом болгон.

Бул факты боюнча 205-берене менен кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган Т.Т. шектүү катары кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, жанынан арыз ээсинин капчыгы табылды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда, тергөө амалдары улантылып жатат.

Октябрь РИИБи №102 маршруттук таксинин айдоочусуна ыраазычылык билдирет жана жарандарды жеке буюмдарына сак болууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11851