Си Цзиньпин Зеленский менен Украинада согуш башталгандан бери биринчи жолу сүйлөштү
RU

Си Цзиньпин Зеленский менен Украинада согуш башталгандан бери биринчи жолу сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Зеленский менен Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Кытай лидери согуштан чыгуунун жалгыз жолу сүйлөшүү экенин баса белгилегенин Би-Би-Си кызматы жазат.

Бул тууралуу Зеленский өзүнүн Twitter баракчасында билдирди. Бул Зеленский менен Си Цзиньпиндин согуш башталгандан берки биринчи сүйлөшүүсү.

Зеленский сүйлөшүүнү "узак жана маңыздуу" деп атады. "Бул сүйлөшүү ошондой эле Украинанын Кытайдагы элчисин дайындоо эки тараптуу мамилелерибиздин өнүгүшүнө күчтүү импульс берет" деп жазган расмий баракчасында.

Кытай, Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, Украинага жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн атайын өкүлүн жиберет.

Эске салсак, Пекин февраль айында Москва менен Киевдин ортосунда 12 пункттан турган саясий жөнгө салуу боюнча өзүнүн тынчтык планын сунуштаган. Расмий түрдө Кытай Украинага кол салуу маселесинде бейтарап бойдон калууда.

Украинанын президенти Си Цзиньпин менен сүйлөшүүсүндө Кытай ар дайым тынчтык тарапта болуп келгенин жана кала берет деп ишендиргенин билдирет кытайлык маалымат каражаттары.

Кытайдын тышкы иштер министри телефондук сүйлөшүүнүн өзү эле Кытай объективдүү жана калыс позицияны карманып, чоң жана таасирдүү өлкө катары өзүнүн жоопкерчилигин сезип жатканын көрсөтүп турат деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11855