Акылбек Жапаров Ташкентке иш сапары менен барды
RU

Акылбек Жапаров Ташкентке иш сапары менен барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Ташкентке барды. Бул туурасында Мнистрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Жапаров 27-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтө турган II Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат жана ага дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетинен 2500 өкүл келет.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жана президенттик аппараттын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11856