Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиаданын вице-чемпионун жеңди
RU

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиаданын вице-чемпионун жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын балбаны Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатынын алкагында, 2016-жылкы Олимп оюндарынын күмүш байгечиси Казакстандык Елдос Сметовду жеңди. Белгилей кетсек, чемпионат бүгүнтөн тарта Бишкекте, "Газпром" спорткомплексинде өтүп жатат.

60 кгга чейинки салмак категорияда, чейрек финалдык беттешүүдө Кубанычбек Айбек уулу казакстандык дзюдочу менен беттешти. Казакстандын спортчусу бул салмак категорияда негизги фаворит болчу. Беттештин башында кыргызстандык вазари алган, бул упай боюнча ага артыкчылык берди.

Ошол эле учурда Сметов эки ирет шидо эскертүүсүн алган, бирок вазари көтөрүп чабуу менен эсепти теңеген болчу.

Андан кийин беттеш кошумча берилген убакытта улантылды. Кошумча убакыт 10 мүнөткө созулду. Кошумча убакыттын акыркы мүнөттөрүндө Сметов пассивдүү беттеш жүргүзгөндүгү үчүн дагы бир ирет эскертүү алды. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу минималдуу айырма менен жарым финалга чыкты.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Айбек уулу - бул чемпионаттын жарым финалына чыккан алгачкы кыргызстандык спортчу. Мындан кийин ал Тайбэйлик Юнг Вэй Янг менен беттешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1185