Жоламан Шаршенбеков Поддубный лигасынын үч жолку чемпиону болду
RU

Жоламан Шаршенбеков Поддубный лигасынын үч жолку чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жоламан Шаршенбеков Казакстандын Алматы шаарында Иван Поддубныйдын балбандар лигасында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак ченинде россиялык Динислам Бамматовду утуп, лиганын үч жолку чемпиону болду.

Беттеш 7:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Жоламан Шаршенбековду жеке машыктыруучу Хаким Махмудов коштоп барган.

Кыргыз балбаны буга чейин эки жолу аталган лиганын чемпиону болгон.

Күрөш дүйнөсү күтүп жаткан Акжол Махмудов менен Роман Власовдун күрөшү турнирдин негизи беттеши болот.

Мындан сырткары эркин күрөш боюнча 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу россиялык балбан Абасгаджи Магомедов менен беттешери күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11860