Канатбек Бегалиев спорттук камсыздоо башкармалыгына директор болду
RU

Канатбек Бегалиев спорттук камсыздоо башкармалыгына директор болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев жаңы кызматка дайындалды. Бул туурасынды Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашат.

Белгилүү болгондой, Канатбек Бегалиев аталган департаментке караштуу "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Канатбек Бегалиев Кыргызстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11862