Садыр Жапаров сууну товар катары сатуу маселеси каралып жатканын айтты
RU

Садыр Жапаров сууну товар катары сатуу маселеси каралып жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештеги талкууда депутат Адахан Мадумаров сууну сатуу суроосун энергетика министрине койгон. Буга Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып комментарий берди.

Айтымында, сууну товар катары сатууга да убакыт келет.

"Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коёт. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле. Кимди болбосун ажылдап беттен алат, акыл үйрөтөт, жооп берейин деген министрлерди кагып-силкип сүйлөтпөйт. Кыскасы ал киши жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр. Адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры.

Министр: "Сиз сунуш айтыңызчы, кандай иштейин, ушул кризистен кантип алып чыгайын, кантип реконструкция кылайын" десе, эч бир сунуш айта албай какап калды. "Аз уурдаш керек" дейт. Бул сөздү бешинчи класстын баласы деле айта алат.

Азыр мурдагыдай уурулук жок. Ошол үчүн карызы үч жылдан бери 137 миллиард сомдон бир тыйын өйдө көтөрүлбөй турат.

Кудай буюрса, бул карыздарынан да кутултабыз. Убакыт керек. Албетте, уурулукту 100 пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Майда-чүйдө уурулуктар кармалып жатат. Камап, кайра төктүрүп жатабыз. Мурдагыдай системалык уурулук жок. Эгер кимдир-бирөөлөр уурдап жатканын билсеңер ачыкка чыгарып берсеңер, андай иштер бизге чоң жардам болот. Эл өзү да энергетика системасындагы уурулукка каршы күрөшүш керек. "Көп түкүрсө – көл болот" дейт. Ким уурдаса ал өзүнүн небере-чөбөрөсүнүн ырыскысын уурдаган болот", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11866