Жалал-Абадда бир катар мектеп директорлору менен чиновниктер жаза алат
RU

Жалал-Абадда бир катар мектеп директорлору менен чиновниктер жаза алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда бир катар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орду каралат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашат.

Белгиленгендей, 26-апрелде Жалал-Абад облусундагы билим берүү маселелери боюнча өткөн көчмө коллегияда 2022-жыл үчүн Жалал-Абад облусунун жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли канааттандырарлык эмес деп табылган.

Коллегия мүчөлөрү бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөнүн статистикалык маалыматтарын талдоо жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, бир катар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордун кароо токтомун чыгарган.

Ноокен, Токтогул райондук, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги (кызмат орду) каралып, Сузак (Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген мезгилдеги ишмердүүлүгү), Чаткал райондук, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчыларына катуу сөгүш, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчыларына эскертүү берилет.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн 26 мектептин директорунун жоопкерчилиги каралат. Алар:

  • №20 Ташкулов орто мектеби;
  • №18 Ж.Бешимов атындагы орто мектеби;
  • № 32 Ж.Канашев атындагы орто мектеби;
  • №36 С.Балтабаев атындагы орто мектеби;
  • №37 Сайдыкум атындагы орто мектеби;
  • №41 Жусубали уулу Жолдош атындагы орто мектеби;
  • №46 Кыргоо орто мектеби;
  • №49 У.Сыдыков атындагы орто мектеби;
  • №54 "Алтын-Кыя" орто мектеби;
  • №8 Навои атындагы орто мектеби;
  • №3 орто мектеби;
  • №8 орто мектептери;
  • "Байсан 2" кечки-сырттан окутуу мектеби;
  • №21 Фуркат атындагы орто мектеби;
  • №3 Р.Алибаев атындагы орто мектеби;
  • №35 Ш.Суеркулов атындагы орто мектеби;
  • №38 А.Тургунбаева атындагы орто мектеби;
  • №13 А.Базарова атындагы орто мектеби;
  • №14 К.Абдраимов атындагы орто мектеби;
  • №43 Ы.Карабаев атындагы орто мектеби;
  • №44 Фуркат атындагы орто мектеби;
  • №65 А.Юнусов атындагы орто мектеби;
  • №73 Х.Алимжан атындагы орто мектеби;
  • №94 Айбек атындагы орто мектеби;
  • Марус Жаныбаева атындагы орто мектеби;
  • Т.Казатов атындагы орто мектеби.

Жалал-Абад облусундагы 396 орто мектептин ичинен 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 389 мектеп катышкан. Мектептердин 11 миң 232 бүтүрүүчүсүнүн ичинен ЖРТга 7 миң 127 (63%) катышкан. Анын ичинен 3 миң 553 бүтүрүүчү ЖРТнын негизги тест боюнча 110 баллдан аз алган, бул 50% түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11868