Дарыгер аял төрт баласын тең үйүндө төрөгөн
RU

Дарыгер аял төрт баласын тең үйүндө төрөгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов Биринчи радионун түз эфиринде үй шартында төрөгөндөр тууралуу кызыктуу окуяны айтып берди.

Анын айтымында, борбордо адистештирилген акушердик-гинекологиялык бригада иштейт. Анткени жылына үй шартындагы төрөттөрдүн саны 140-150гө чейин жетет.

Жакында эле ушундай окуя болгон. "Тез жардам" борборунан барган бригаданын кызматкерлери аял төрт баласын тең үй шартында төрөгөнүн айтышкан.

"4 баласы бар экен, төртөөн тең үйндө төрөптүр. Толгоо тарткан келин төрөт үйүнө баруудан кескин баш тарткан", - деди Медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгери.

Башкы дарыгер төрөткө эмнегедир "Тез жардам" кеч чакырыларын билдирди.

"Жылына үйдө 140-150 төрөт болот деп бекер айткан эмесмин, алардын айрымдарын биздин бригадалар кабыл алышат – үйдө, жолдо. Айрым учурда бригада барган учурда бала төрөлүп калат, анда биздин адистер төрөттөн кийинки зарыл чараларды аткарып эле тим болушат", - деди Шаяхметов.

Ал ички мигранттардын арасынан кош бойлуу аялдардын каттоого алынбай жаткан көйгөй бар экенин баса белгиледи.

"Бул жаман. Аларда мындай көйгөйлөр көп кездешет. Биз өз ден соолугубузду жана келечектеги баланын ден соолугун коргошубуз керек", - деп жыйынтыктады Шаяхметов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11884