Жейми Флай "Азаттыктын" жабылышы боюнча: Биз соттун адилетсиз чечимине даттанабыз
RU

Жейми Флай "Азаттыктын" жабылышы боюнча: Биз соттун адилетсиз чечимине даттанабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азаттык" радиосунун президенти жана башкы директору райондук соттун медианы жабуу чечимин чектен чыккан көрүнүш деп атады. Бул тууралуу басылманын сайтында маалымдалды.

Жейми Флай "Азаттык Медианын" массалык маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча соттун чечимине комментарий берди.

"Биз соттун чектен чыккан чечимине даттанабыз. Биздин тарыхыбыз көрсөткөндөй, адамдар бейтарап, ачык маалымат алууну каалап жатканда өкмөт тарабынан цензура болду. Бул максатка алар каалагандай жол менен жетүүгө аракет кылышат", - деди Флай.

Белгилей кетсек, 27-апрелде райондук сот "Азаттык" редакциясынын ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин чыгарды.

2022-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Доо арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал дале өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11886