COVID-19 боюнча Бишкек кызыл зонага, Чүй облусу сары зонага кирди
RU

COVID-19 боюнча Бишкек кызыл зонага, Чүй облусу сары зонага кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кызыл зонада" Бишкек шаары болсо, "сары зонага" Чүй облусу кирди", - деди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов. Ал мындай маалыматты бүгүн, 6-прелде өткөн брифинг учурунда билдирди.

Бектургановдун айтымында, акыркы бир күндө өлкө боюнча 124 коронавирустук инфекцияны жугузган учур катталды. Алардын ичинен 77си Бишкек шаарынан, 43ү Чүй облусунан аныкталды. Калган бир нече жарандар башка региондордо катталган.

29-марттан бери 644 адам вакцинациядан өттү.

Мониторингтин натыйжасында Бишкек "кызыл зонага", Чүй облусу "сары зонага" калган облустар "жашыл зонага" кире тургандыгы белгилүү болду, - деди Бектурганов.

Анын айтымында, 6-апрелден тартып Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча кошумча орундар даярдалууда. Маселен улуттук госпиталда 110 орун, Чүй облустук ооруканасында 55 кошумча орундук бар.

Россиялык "Спутник" вакцинасынын 118 миң дозасын сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүү буйругунун долбоору даярдалып жатат.

Кадрлар резерви да каралды: 927 дарыгер, 194 - орто медперсонал, 134 ординатор, 98 техникалык персонал бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1188