Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсү табылбай жатат. Айдоочу аман-эсен
RU

Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсү табылбай жатат. Айдоочу аман-эсен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда УАЗ унаасы сууга түшүп кеткен. Айдоочу өз алдынча чыгып, жүргүнчүсү унаадан чыга албай калган. Бүгүн, 28-апрелде издөө-куткаруу иштерине 50 адам тартылды дешет ӨКМдан.

Белгилүү болгондой, 27-апрелде Мырза-Аке – Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун Күйүк тилкесинде УАЗдын айдоочусу жолдон чыгып, Тар суусуна кулаган. Кырсыктын кесепетинен С. уулу Ж. аттуу жүргүнчү унаадан чыга албай калып калган, ал эми айдоочусу өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн. Аны жалпы 79 адам издешкен.

Дайынсыз болуп жаткан жүргүнчүнү издөө иштерине бүгүн, 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам, ИИМден 10 кызматкер тартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11893