"Ысык-Ата" санаторийинин мурдагы директоруна кылмыш иши козголду
RU

"Ысык-Ата" санаторийинин мурдагы директоруна кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура "Ысык-Ата" санаторийинде текшерүү жүргүзүлүп, жетекчилиги кылмыштуу бүтүмгө барганы аныкталды деп кабарлайт. Текшерүүнү Ысык-Ата райондук прокуратурасы жүргүзгөн.

Кабарлангандай, санаторийдин мурунку директору О.А.К. жана санаторийдин айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен материалдык кызыкчылыктарды максат кылып кылмыштуу бүтүмгө барышкан.

Тагыраагы, 2020-2022-жылдары жалпы суммасы 12 млн 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган. Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерин түзүшүп, санаторийге 1 млн 577 миң 602 сом зыян келтиришкен.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11895