Баткенде туристтерге саякат уюштурулду
RU

Баткенде туристтерге саякат уюштурулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жүзгө жакын туристтерге Баткен районунун "Мадыген" геопаркына саякат уюштурулду. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Эс алуучулар Сары-Тоо капчыгайына, Сфинкс, Моллюскалар жана динозавр өрөөнүнө, IX – X кылымга таандык байыркы эритүүчү мештерге, түркүн түстүү айыл - Мадыген оазисине, каньондорго барышты.

Белгилей кетсек, 27-28-апрелде Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында туристтик "ITBE" көргөзмөсү, "Айгүл-Тоо", "Баткен күрүчү", "Көчмөндөрдүн тамак ашы" аттуу фестивалдар, кол өнөрчүлөрдүн "Кыргыз килеми" эл аралык жарманкеси,

"Мадыген" геопаркынын өнүгүшүн илгерилетип, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошуу боюнча биргелешкен аракеттер" аттуу эл аралык туристтик форуму өтүүдө.

Иш-чара Туризм департаменти менен президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өтүүдө.

"Мадыген" геопаркы 2020-жылы түзүлүп,

2023-жылдын 18-апрелинде Министрлер кабинетинин чечими менен жалпы аянты 8160 гектардан турган "Мадыген" жаратылыш эстелиги түзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11896