Биринчи айым Айгүл Жапарова Баткендеги балдар үйүнө барды
RU

Биринчи айым Айгүл Жапарова Баткендеги балдар үйүнө барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 27-апрелде Баткен облусунун Совет айылындагы "Кут кадам" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы маалымдады.

Айгүл Жапарова бул мекеменин жашоо шарты, тамак-ашы, балдарга болгон камкордугу, ошондой эле имараттын жалпы абалы менен таанышты.

Үй шартында балдар үйүнүн кызматкерлери жана балдар менен жылуу баарлашып, биринчи айым тарбиялануучуларга мээримин төгүп, кам көргөн тарбиячыларга ыраазычылык билдирди.

Айгүл Жапарова өзү жетектеген "Эне-балага тирек" фондунун атынан мекемеге эки кабаттуу керебеттерди жана башка керектүү буюмдарды тапшырды.

"Кут кадам" үй-бүлө тибиндеги балдар интернаты 2018-жылы 8 жылдык келишим менен ижарага алынып, жеке менчик үйдүн имаратында ачылган.

Интернат 12 балага ылайыкталган. Азыр анда 3 жаштан 18 жашка чейинки 18 тарбиялануучу жашайт. Балдар үйүндө жетим балдар, жарым жетимдер, ата-энелери тарбиялоо укугунан ажыратылган балдар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11899