Кызыл зонадагы медиктер Саламаттыкты сактоо министрлигинен айлык акыларын талап кылышты
RU

Кызыл зонадагы медиктер Саламаттыкты сактоо министрлигинен айлык акыларын талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ковидик бейтаптар менен кызыл зонада иштеген доктурлар Саламаттыкты сактоо министрлигине келип өз айлык акыларын талап кылышты. Ведомствонун имаратына 30га чукул медиктер келишкен.

Бир күн мурун алардын ичинен бирөөсү доктурлар эки айдан бери өзүнүн маңдай тери менен тапкан айлык акыларын ала электигин Kaktus.media'га айткан. Ошондон улам министрликке келип тынчтык митингин өткозүүну чечишиптир.

"Биз кызыл зонага 6-ноябрда киргенбиз, 23-ноябрда чыктык. Улуттук госпиталдын урологиясында иштедик. Ушу күнгө чейин айлыктарыбызды ала элекпиз. Улам-улам создуктуруп жатышат", - деди митингге катышкандардын бирөөсү.

Митингге келгендердин айтымында, октябрь айында (2-октябрдан тартып 23-ноябрга чейин) иштеген Фтизиатрия борборунун кызматерлери да акчаларын алыша элек.

Медиктерге улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улугбек Какеев чыгып, маселе чечилгенин кабарлады. Митингге чыккандар бул жөн гана аларды таратуу максатында айтылып жаткан сөз эмеспи?, - деп такташты. Какеев маселе жаңы эле чечилгенин айтып, ишендирүүго аракет кылды. Андан кийин акча келген бирок азырынча жеке эсептерге которула электигин тактады.

Анда медиктер акча банк эхсебине которулмайын ведомствонун имаратында күтө тургандарын билдиришкен. "Эгер акча түшпөсө финполго арыз жазабыз", - деп кесе сүйлөштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/118