Айдоочулардын эсине! Бүгүн Чүй кең көчөсү жабылат
RU

Айдоочулардын эсине! Бүгүн Чүй кең көчөсү жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш-чарага байланыштуу бүгүн, 29-апрелде Чүй проспектиси жабылат. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 29-апрелде саат 16:00дөн түнкү 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.

"Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт өтөт. Буга байланыштуу транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизилет. Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана каттамды алдын ала пландаштырып коюуну суранабыз", - дешет мэриядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11904