Мугалим 90 миң сому бар банк картасын уурдаткан. Шектүү акчаны кайтарды
RU

Мугалим 90 миң сому бар банк картасын уурдаткан. Шектүү акчаны кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл-Кыя шаарында мугалимдин банктык картасын уурдап, ичиндеги акчаны чечип алышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашып, шектүү кармалганын билдиришти.

Окуя 27-мартта болжол менен саат 13:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектепте болгон. Анда М.О.П аттуу мугалимдин кабинеттеги сумкасынан банктык карточкасын белгисиз адамдар уурдап алып, ичиндеги 90 000 акчасын чечип алгандыгы аныкталган.

Бул факты 205-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы Х.А. аттуу тургуну кармалды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө мугалимге 90 000 сом кайтарылып берилген. Азыркы күндө кылмыш иши тергелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11908