Бишкек шаарына 145 жыл. Садыр Жапаровдун куттуктоосу
RU

Бишкек шаарына 145 жыл. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент алгач Пишпек, кийин Фрунзе болгон борбор болгон Бишкек - Кыргызстан эгемендүү, демократиялуу өлкө деп жарыялангандан тарта кайра тарыхый аталышына расмий ээ болгонуна токтолду.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу ордо калаа тургундары! Кадырлуу меймандар!

Бүгүн жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештер кубана турган маанилүү күн – эгемендүү Кыргызстаныбыздын ордо калаасы Бишкек шаарынын күнү.

Баарыңыздарды Бишкек шаарынын күнү, борбор калаабыздын 145 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Адегенде Пишпек, кийин Фрунзе аталган борборубуз өлкөбүз эгемендүү, демократиялуу өлкө деп жарыялангандан тарта кайра тарыхый аталышына расмий түрдө ээ болгону баарыбызга жакшы маалым.

Совет мезгилинде баш калаабыз баардык тарабынан бак-даракка бөлөнүп, "жашыл шаар" макамы менен даңкы далайга угулган. Ал эми дүйнө жүзүндө "мрамор шаар" аталган ажайып шаарлардын катарында Бишкектин дагы аты аталышы, албетте, жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык! Ордо калаабыздын мындай эл аралык коомчулук оозанган татыктуу сый-урматка жетүүсүнө мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин зор эмгегин белгилеп айтып кетпесек болбос", - деди ал.

145 жылды артка таштаган тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан бул аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланды.

Президент ушу тапта Бишкек шаары Кыргызстандын булуң-бурчундагы жарандарыбызды кайра-кайра келүүгө дегдеткен сүйүктүү шаары, аяк басып, астанасын аттаган меймандарды жайда салкын, кышта жылуу абасы менен арбаган жагымдуу жайы болуп калганына токтолду.

"Туулган жер ата-бабалардан калган олжо эмес, ал – биздин балдарыбызга өткөрүп бере турган ыйык карыз" деген акылман кепке кулак төшөй турган болсок, ата-бабаларыбыз бизге өткөргөн мурасты – туулган жерди, айрыкча, анын борбор шаары Бишкекти биз дагы кийинки муунга "жашыл шаар", "мрамор шаар" бойдон сактап, көркүнө көрк кошуп өткөрүп беришибиз парз!

Бүгүнкү күндө бульварлар, парктар, ботаникалык бакчалар менен катар маданий жана соода борборлору ачылып, эстеликтер орнотулуп, тарыхый жайларды изилдөө колго алынууда. Маселен, биздин замандын V-VI кылымдарына таандык байыркы Жүл (Джуль) шаар калдыктарынын ордунда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

Ошондой эле шаар калкы менен меймандардын эс алуусуна, экологиялык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү максатында бир катар сейил бактары колдонууга берилип, оюн-зоок борборлору, вело жолдорду куруу улантылууда. Ушундай ыргактан жазбай, кылым карыткан тарыхы бар эгемендүү өлкөбүздүн ордо калаасын дүйнөнүн гүлдөгөн шаарларынын катарына кошууга бар аракетибизди көрөбүз!

Борбор шаарыбыздын көркүнө көрк кошулуп, күндөн күнгө кулпура берсин", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11914