Бүгүн декларация тапшыруунун акыркы күнү
RU

Бүгүн декларация тапшыруунун акыркы күнү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-май салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Салык органдары декларацияларды саат 09:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин кабыл алат.

Белгилесек, буга чейин майрам күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2-майга жылдырылган.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, декларация тапшыруунун акыркы күнү жекшемби, 30-апрелге туура келип, 1-май майрам күнү деп белгиленген. Буга байланыштуу салык мыйзамдарына ылайык, салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылган болчу.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшыруусу керек:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участокторунан тышкары) бар жеке жактар;
  • юридикалык жакты түзбөстөн иштеп жаткан дыйкан жана фермердик ишканалар;
  • мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагында турган мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын калкты тейлөө боюнча илимий-изилдөө, чыгармачылык, окуу-педагогикалык, дарылоо, рекреациялык жана башка аткаруучулук жана тескөөчүлүк функцияларына байланышпаган кызматкерлер;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • жашоого уруксаты бар же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдардагы ишмердүүлүктөн киреше алган жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлккө ээ болгон жеке жак.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө, ал эми жеке жактар ​​өзү каалагандай электрондук же кагаз түрүндө тапшырышы керек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11916