Кишини өлтүрүп, сөөгүн жашыруу үчүн сууга ыргытып жиберишкен
RU

Кишини өлтүрүп, сөөгүн жашыруу үчүн сууга ыргытып жиберишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адам өлтүрүүгө шектелип Панфилов районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылында Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жабырлануучунун денесинен зордук-зомбулуктун издери табылган.

Аталган факты Панфилов РИИБге катталып, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал Кайыңды шаарындагы Кабельный дачасынын тургуну 1968-жылы туулган В.Х. болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр - 1978-жылы туулган К.Т. жана 1962-жылы туулган Ж.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалым болгондой, кылмыш мас абалындагы чырдын негизинде жасалган. Маркумдун сөөгү Бишкектеги Чүй каналына ыргытылган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11918