Урмат Самаев 25 млн сом компенсация төлөп, СИЗОдон чыкты
RU

Урмат Самаев 25 млн сом компенсация төлөп, СИЗОдон чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев СИЗОдон бошотулду. Укук коргоо органдарынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, ал компенсация катары 25 миллион сом төлөдү.

Алардын айтымында, камактагы мэр күнөөсүн моюнга алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом зыянды төлөп берген.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен ал СИЗОдон бошотулду.

Мындан тышкары, Самаев ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазганы айтылды.

Эске салсак, Урмат Самаев 17-апрелде УКМК тарабынан кармалган. Ал "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схемага катыштыгы бар деп шектелип, Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11926