"Өөп ал…" Саркарбаевдин Райымбек Матраимовдун колун өпкөн видеосу тарады
RU

"Өөп ал…" Саркарбаевдин Райымбек Матраимовдун колун өпкөн видеосу тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун (коррупцияны моюнга алган), ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун, Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновдун жана Ош шаардык спорт комитетинин экс-жетекчиси Кылычбек Саркарбаевдин видеосу тарады.

Алдын ала маалымат боюнча, видео 30-апрелде Бишкектеги "Арзу Гранд" ресторанында Курсан Асановдун бир тууганынын жакшылыгында тартылган.

Видеодо жогоруда аты аталган адамдардардын сүйлөшүп жатканын, бир маалда Мунарбек Сайпидинов Кылычбек Саркарбаевге "Өпкүң келсе өөп ал" деди. Саркарбаев Матраимовдун колун өөп, андан кийин кучакташканын байкоого болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11951