Россияда кыргызстандык кишини кескилешкен. Элчилик окуянын чоо-жайын айтты
RU

Россияда кыргызстандык кишини кескилешкен. Элчилик окуянын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен Мирный шаарында кыргызстандык жаранга кол салуу болгондугу тууралуу маалыматты тастыктады. Элчиликтен кабарлашкандай, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"Достук" кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдардын, анын ичинде тергөө кызматынын жетекчилери менен жолугушуулар болуп, кылмыш иши козголуп, Саха (Якутия) Республикасынын бардык тиешелүү компетенттүү органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө. "Достук" уюмунун жетекчисинин айтымында, жабыркаган мекендешибиз А.У. Россия Федерациясынын жараны. Учурда анын ден соолугу жакшырууда", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Белгилесек, Россиянын Мирный шаарында (Якутия) Уланбек Арстанов аттуу кыргызстандыкты өспүрүмдөр тесак (бычактын түрү) менен кескилешкен. Окуя ушул жылдын 24-апрелинде болгон. Кол салуу учуру көзөмөл камераларына жазылып калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11953