Ошто жашынып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
RU

Ошто жашынып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал ири суммада алдамчылык кылганга шектелип жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 38 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү С.С. алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алып, кайра кайтарбай жатканы айтылган.

Аталган факты 209-берене (Алдамчылык) менен катталып, тергөө иши башталган.

Атайын тергөө тапшырмасынын негизинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 38 жаштагы С.С. Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11963