Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова 20-июнга чейин СИЗОдо болот
RU

Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова 20-июнга чейин СИЗОдо болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралды.

Соттук коллегия Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Равшан Жээнбеков 20-июнга чейин СИЗОдо калтырылды.

Андан кийин активист Рита Карасартованын бөгөт чарасы каралып, Биринчи Май райондук соттун буга чейинки чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Муну менен Карасартова 20-июнга чейин камакта болот.

Сот буга чейин массалык баш аламандыкка даярданууга айыпталып жаткан журналист Эрлан Бекчороевди камакта калтырган.

*****

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

Бул иш боюнча айыпталгандар:

  • Мамбетжунус Абылов - үй камагында.
  • Акылбек Айтбаев - СИЗОдо.
  • Айданбек Акматов - СИЗОдо.
  • Нурлан Асанбеков - үй камагында.
  • Бектур Асанов - СИЗОдо.
  • Марат Баязов - СИЗОдо.
  • Атай Бейшенбек - СИЗОдо.
  • Азимбек Бекназаров - СИЗОдо.
  • Эрлан Бекчороев - СИЗОдо.
  • Айбек Бузурманкулов - СИЗОдо.
  • Гүлнара Журабаева - үй камагында.
  • Кеңешбек Дүйшебаев - СИЗОдо.
  • Равшан Жээнбеков - СИЗОдо.
  • Кубанычбек Кадыров - СИЗОдо.
  • Рита Карасартова - СИЗОдо.
  • Чыңгыз Капаров - үй камагында.
  • Таалайбек Мадеминов - үй камагында.
  • Улукбек Маматаев - үй камагында.
  • Темир Махмудов - СИЗОдо, 3-февралда кармалган.
  • Жеңиш Молдокматов - СИЗОдо.
  • Орозайым Нарматова - үй камагында.
  • Асия Сасыкбаева - үй камагында.
  • Клара Сооронкулова - үй камагында.
  • Перизат Суранова - үй камагында.
  • Али Шабдан - СИЗОдо, кошумча айып тагылган.
  • Илгиз Шаменов - СИЗОдо, жаңы айыптар тагылган.
  • Талант Эшалиев - башынан эле үй камагында.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11975