Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолугуп, турмуштук маселелерди талкуулашты
RU

Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолугуп, турмуштук маселелерди талкуулашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында эки облус башчыларынын жолугушуусу өттү. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууга президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода, район башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу орун алган маселелерди жеринде чечүү талкууланды. Андан тышкары:

  • учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу;
  • сугат сууну пайдалануу;
  • сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо;
  • көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо маселери каралып, бул маселелердин үстүндө иш алып баруу максатында тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Эки тараптуу комиссиянын жолугушуусу 4-майда Лейлек районунун Максат айылында пландалды.

Белгилей кетсек, Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары иш үстүндө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бул аракет чек арадагы тынчтыкты сактоо, аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатын көздөйт. Жалпысынан Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11978