Казакстандын Жетибай кенинде жарылуу болуп, бир киши каза болду
RU

Казакстандын Жетибай кенинде жарылуу болуп, бир киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жетибай кениндеги скважина жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын "Маңгыстаумунайгаз" компаниясы билдиргенин жергиликтүү басылма жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя 29-апрелде катталган. "Жетибаймунайгаз" өндүрүш башкармалыгындагы компания монтаж иштерин жүргүзүп жатканда жарылуу болгон.

Бир жумушчу каза болуп, дагы бир кытайлык жаран башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Компания бул окуяныны "кокустук" деп атап, күч түзүмдөрү тергөө иштерин баштады. А бирок, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары мунай өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери жетекчилигине буга чейин, бир нече жолу коопсуздук маселесине көңүл буруу керектигин айтып, иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча нааразычылыктарын айтып келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11984