Мэрия "Мадина" базарын иретке келтирип жатат
RU

Мэрия "Мадина" базарын иретке келтирип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрия базарларды иретке келтирип жатат. Бүгүн, 2-майда шаардык кызмат "Мадина" базарында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Күн тартибинде: тыгындарды чечүү, стихиялуу унаа токтотуучу жайларды, соода объектилерин жана жарнамалык структураларды иретке келтирүү каралды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы соода объектилерин тартипке келтирип, Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузууну колго алды.

"Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин алдындагы "Бишкек унаа токтотуучу жай" ишканасына андан ары бекитип берүү үчүн Менделеев көчөсүн бойлото унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Анда 179 жарнама, мыйзамсыз эки бастырма алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11985