Россия Судандан жарандарды алып келди, арасында кыргызстандыктар дагы бар
RU

Россия Судандан жарандарды алып келди, арасында кыргызстандыктар дагы бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Судандан учак менен 200гө жакын Россия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Бангладеш, Судан жана Украинанын жарандарын алып келгенин билдирди. Бул тууралуу ИЗВЕСТИЕ басылмасы жазды.

"2-майда согуш болуп жаткан Судандын Хартумунан 200гө жакын Россиянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Молдованын, Бангладештин, Судандын жарандары жана украиналыктар келди. Операциянын өзү жана жарандарга чыгып кетүү боюнча кабарлоо болушунча жабык түрдө кооптуу, өтө тобокел болгон шартта жасалды", - деп айтылган министрликтин маалыматында.

200гө жаран адамды алып кетчү учак турган база Судандын от күйүп жаткан борборунан өтө алыс эмес, 35 чакырым аралыкта жайгашкан.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын апрелинен бери Суданда Тез арада аракетке келүүчү күчтөр менен регулярдуу армия кармашып жатат.

Судандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кармаштан 600дөй адам каза болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11986