Жалал-Абадда ипотекалык батирлерди куруу үчүн гараждар буздурулууда
RU

Жалал-Абадда ипотекалык батирлерди куруу үчүн гараждар буздурулууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында 200 батирлүү ипотекалык турак жай куруу үчүн муниципалдык жердеги гараждар буздурулуп жатат. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык мэриясынан маалымдашат.

Калаа башкармалыгынын маалыматы боюнча, Спутник кичи районундагы Манас көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жердеги гараждар мэрия тарабынан буздурула баштады.

Буга чейин унаа токтотуучу жайлардын ээлерине жерди бошотуу тууралуу эскертүүлөр берилген. Бирок жарандар эскертүүлөргө баш ийген эмес.

Муниципалдык жердин жалпы аянты 1,07 гектарды түзөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бул жайга 200 батирлүү көп кабаттуу үй курууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, аталган жайда 277 гараж бар. Алардын ээлери гараждары муниципалдык жерде тургандыгы үчүн ушул мезгилге чейин ижара акы төлөгөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11994