ИИББнин жетекчиси Бакыт Матмусаев Айзада Канатбекованын туугандарынан кечирим сурады
RU

ИИББнин жетекчиси Бакыт Матмусаев Айзада Канатбекованын туугандарынан кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде, Бишкек ИИББсинин жетекчиси Бакыт Матмусаев каза болгон Айзада Канатбекованын жакындарынан кечирим сурады. Ал бул тууралуу басма сөз жыйыны учурунда айтты.

Анын айтымында, ал Айзада Канатбекованын өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алды.

"Тирүү алып кала албаганыбыз үчүн Айзада Канатбекованын туугандарынан, жоро-жолдошторунан кечирим сурайм. Мен сөз берем, күнөлүүлөр жазасын алат. Ата катары мен үчүн бул оор", - деди ал.

Ал милиция кызматкерлери аны издөө иштерин токтоткон эмес, деп белгиледи. Бардык шектүүлөрдүн, туугандардын жана досторунун даректери телефондору боюнча иш жүргүзүлгөн.

"Мен адам катары, кыздары бар ата катары жаман болуп турам. Аябай ачуум келип турат, мен курал колдонмокмун, бирок мыйзам андайга жол бербейт. Бардык айыптуулар жазасын алышат", - деди Матмусаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1199