Депутат: Жеке ишкерлер Кыргызстанга ташыган унааларын тартып алганын айтышууда
RU

Депутат: Жеке ишкерлер Кыргызстанга ташыган унааларын тартып алганын айтышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеке ишкерлер Кыргызстанга алып кирген унааларын тартып алып жатышканына даттанышууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында депутат Айбек Осмонов айтты.

Жарандар эл өкүлүнө Европа, АКШ жана Дубайдан унааларды алып келишерин айтышкан.

"Сатуу үчүн 5, 10, 15 унаа алып келишет экен. Бажылык тариздөөдөн, каттоодон өтүп, мамлекеттик номерди алгандан кийин аларга кылмыш ишин козгоп, унааларды тартып алышыптыр. Бул унаалар уурдалган эмес. Мындай болбошу керек", - деди Осмонов.

Депутат кесиптештерине ушул маселени парламентте кароону сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12003